Марал Радиосу

Бир айда уйдун эти 17 сомго, койдун эти 5 сомго кымбаттады

Кыргызстанда бир айдын ичинде уйдун эти 17,5 сомго, койдун эти 5,6 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Өлкө боюнча орточо эсеп менен алганда июнь айында койдун бир килограмм эти 499,9 сом болсо, июлдун аягында баасы 517,4 сомго жеткен.

Уйдун этине максималдуу чекене баалар Нарында катталып, бир кг үчүн 546,1 сом, Бишкекте 530 сом, Балыкчыда 522,8 сом болуп катталган.

Ал эми өлкө боюнча жылкынын эти өткөн айга салыштырмалуу 14,8 сомго кымбаттаса, койдун эти 5,6 сомго жогорулаган.