Марал Радиосу

Ысык-Көлдүн бийлик өкүлдөрү мөндүр алып кеткен айдоо аянттарына барышты

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев жана Түп районунун акими Каныбек Адиев Түп районунда мөндүр алып кеткен айдоо аянттарына барышты. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда арпа, буудай түшүмдөрүнөн кол жууган дыйкандар арыз-муңдарын айтышып, айрымдары үрөндү насыяга алып сепкенин билдиришти. Дыйкандар жетекчилерден жардам сурашып, келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү өтүнүштү.
Бийлик өкүлдөрү келтирилген чыгымдардын көлөмү такталып жатканын, келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай турганын билдиришти.

Айдоо аянттарын сел алып кеткен Балбай, Күрмөнтү айылдарында арыктарды, жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.