Марал Радиосу

Таэквондо боюнча курама команда Дүйнө биринчилигинде 6 медаль утту

Таэквондо ITF боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү 29-июлдан 31-июль аралыгында Нидерландынын Амстердам шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 6 медаль жеңишти. Анын экөө алтын, төртөө күмүш. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдеште 12-13 жаштагылар арасында, 45 кг салмакта Диана Ким жана 14-17 жаштагылар арасындагы 60 кг салмакта Искак Аскарбеков биринчи орунду ээлешти.

Өспүрүмдөр арасында 50 кг салмакта Владимир Хегай күмүш медаль, ал эми чоңдор арасында Айканым Асаналиева (50 кг), Алтынай Рыскулова (55 кг) жана эркектер арасында Артем Прибытков (76 кг) күмүш медалдын ээси болушту.