Марал Радиосу

ИИМдин кызматкерлери мыйзамсыз сооданы иретке келтирүүгө көмөктөшүүдө

Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун өздүк курамы 25-июлдан тарта Ленин районунун администрациясынын соода бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Ош базарынын айланасындагы мыйзамсыз соода-сатыктарды иретке келтирүү максатында иш алып барышууда.

Ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүшүүдө.

Мындан сырткары кызматкерлерге ар бир күнү мыйзамдуулукту бекем сактоо, жарандарга сылык мамиле кылуу жана кесиптик этиканын нормаларын сактоо боюнча сабактар өткөрүлүүдө.