Марал Радиосу

7-августка чейин Көлбаев туннелине убактылуу чектөөлөр киргизилет

7-августка чейин күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн жолду оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу, Кусеин Көлбаев атындагы туннелде унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кайрадан эскертет.

7-августка чейин саат 4:00дөн 6:00гө чейин, саат 08:00дөн 10:00гө чейин жана 12:00дөн 14:00гө чейин жабылат. Калган убакта каттам толугу менен ачык болот.

Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилинде жол кыймылынын үзгүлтүксүз жана коопсуз болушу үчүн жол иштери ушул мезгилде жүргүзүлөт.