Марал Радиосу

Жаркынай Нурлан кызы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло тагынды

65kg WW Podium - GOLD Anju SATO (JPN) SILVER Maria Magdalena PANTIRU (ROU) BRONZ Zharkynai NURLAN KYZY (KGZ), Reka Julia VAN OS (NED)

Римде өтүп жаткан 17 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионатынын кыз-келиндер күрөшүнөн Жаркынай Нурлан кызы коло медаль алды.

65 кг салмакта килемге чыккан кыргызстандык балбан 3-орун үчүн америкалык Сидней Перри менен беттешти. Кыргызстандык 7:0 эсебинде жеңишке жетип, коло медаль тагынды.

Нурлан кызы алгачкы беттеште Түркиянын өкүлүн, чейрек финалда Индиянын спортчусун жеңген. Жарым финалда Нурлан кызы жапониялык Анжу Сато менен беттешип, 6:5 эсебинде уттуруп койду.

Ошондой эле, Айперинин сиңдиси Медет кызы Айтолкун да өнөрүн тартуулады. Ал жеңиш менен баштаган, бирок экинчи жолугушууда өзбекстандык балбанга жеңилип, күрөштөн четтеп калды.