Биз менен байланышыңыз

“Ю-Репорт” жаштарды билим берүү боюнча сурамжылоого катышууга чакырат

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 1207 | 3

Билим берүү тармагында өспүрүм менен жаштардын идеяларын, ой-пикирлерин билүү максатында «Ю-Репорт Кыргызстан» платформасы сурамжылоо баштады. Бул тууралуу платформадан кабарлашты.

Сурамжылоо 2022-жылдын сентябрь айында өтө турган Билим берүүнү трансформациялоо саммитинин алкагында ЮНИСЕФ Билим берүү министрилиги менен биргеликте өткөрүп жатат. Анда 12 жылдык билим берүүгө көз карашы, COVID-19 илдетинен билим алууга тийгизген таасири тууралуу жана башка билим берүүгө байланыштуу 14 суроо камтылган.

Сурамжылоого катышуу үчүн, алгач «Старт» деген сөздү төмөнкү социалдык баракчаларга жөнөтүп, Ю-Репортко катталыңыз.

  • WhatsApp: 0779919119
  • Instagram: @ureportkg
  • Telegram: @ureportkgbot

Ошондой эле,  http://kyrgyzstan.ureport.in/opinions/ шилтемесин басуу аркылуу сурамжылоонун жалпы жыйынтыгы менен таанышууга болот.

«Сурамжылоого жооп берүү үчүн катталуу өтө тез, акысыз жана купуя. Аты-жөнүңүз көрсөтүлбөйт», — деп билдирилет маалыматта. «Ю-Репорт Кыргызстан» платформасы өспүрүмдөрдү жана жаштарды сурамжылоого жигердүү катышып берүүгө чакырат.

Ю-Репорт — ЮНИСЕФтин глобалдык демилгеси болуп саналат, аны 89 өлкөдө 17 миллион жаштар колдонот. Платформа — жаштардын оюн, идеасын  жана каалоо-тилектерин ачык, чын дилден билдирүүгө  мүмкүнчүлүк  түзүп берген уникалдуу аянтча.

Copyright © 2017 Maral FM