Ысык-Көлдө «Ак-Мөөр Fest» этно фестивалы өттү. Иш-чара кыргыз кыздарын даңазалоо, кадыр-баркын жогорулатуу, улуттук баалуулуктарды чагылдыруу максатында өттү.
Ага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.
Фестиваль 22-23-24-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Ѳрнөк айылындагы «Эдельвейс» эс алуу борборунда өтүп, анда республикалык деңгээлде кыргыз айымдарынын бүгүнкү, эртеңки жана кечээки жашоо образдары чагылдырылды.