Марал Радиосу

Ысык-Көлдө кемеден өрт чыкты

Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылында көлдүн ортосунда жүргөн кемеден өрт чыккан. Бул тууралуу жеринен күбөлөр кабарлашты.

Алдын ала маалымат боюнча, кеменин май куюучу багы күйгөн. Эч кандай чоң зыян келтирбестен өчүрүүгө жетишкендиги маалымдалат.

Кемеде 30 бала болгон. Учурда алардын баары куткарылган. Жүргүнчүлөрдү эвакуациялоого жакын жердеги скутерлер жана кайыктар жардам беришкен.