Марал Радиосу

Кримтөбөл «Женго» эркиндикке чыкты

Ош облустук сотунун 21-июлдагы чечиминин негизинде «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досонов түрмөдөн бошотулду.

Облустук сотунун маалыматына караганда, Кара-Суу райондук сотунун 14-июндагы өкүмүнүн негизинде Жазык кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүндөгү 2-пункту (2017-жылкы редакция: “Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу”) менен Кадырбек Досоновдун аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана жоруктар боюнча иштеринин соттук коллегиясынын 21-июлдагы өкүмүнүн негизинде Кара-Суу райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды.

Кримтөбөл «Женго» жер тилкесин мыйзамсыз басып алган жана кылмыштуу кирешелерди адалдаган деп айыпталган. 2021-жылдын февраль айында ал өзү УКМКга келгени, андан кийин камакка алынганы айтылган. Адвокат Назгүл Сүйүнбаева Кадырбек Досонов катуу сабалганын билдирип чыккан.