Марал Радиосу

Чоң-Чүй каналына чөгүп кеткен бала изделүүдө

Чоң-Чүй каналына чөгүп кеткен бала изделүүдө. 21-июлда Чүй районуна караштуу Шамшы айылынын тургуну А.Ч. аттуу өспүрүм Чоң Чүй каналына түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнөн 8 куткаруучу, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан турган топ издөөгө чыгып, кеч киргенине байланыштуу издөө убактылуу токтотулган.

Бүгүн таңкы саат 07:00дө кошумча куткаруучулар тартылып, издөө иштери улантылууда.