Марал Радиосу

Чоң-Алайда жер титирөө катталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кечээ, 21-июлда саат 17:23тө Тажикстанда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Кыргызстандын Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилди.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.