Марал Радиосу

УКМК: Дары-дармек түрүндөгү аткезчилик жүк кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чек ара кызматы менен биргеликте Кыргызстандын аймагына кирген К.К. аттуу кыргызстандык жарандын башкаруусундагы КРОН аталган чиркегичи менен «Вольво» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалды.

Транспорттук кароодон өткөрүү линиясында К.К. аттуу жаран тиричилик буюмдары үчүн CMR документтерин көрсөткөн. Бирок жогоруда аталган унааны текшерүү учурунда эски буюмдардын артына катылган “дары-дармектердин” жүктөрү табылган.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.