Марал Радиосу

Тажик президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди (cүрөт)

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Кечээ, 20-июлда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келишти.