Марал Радиосу

Айыл чарбага жыл аягына чейин 23,6 млрд сом бөлүү пландалууда

Айыл чарба тармагында чыгашалардын өсүү динамикасын көрүп жатабыз, жыл башынан бери бул тармакка 10,9 миллиард сом бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Бул каражат негизинен жазгы талаа жумуштарын даярдоого, анын ичинде ирригациялык системаны оңдоого жумшалганы айтылды.

«2022-жылдын аягына чейин айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө 23,6 миллиард сом бөлүүнү көздөп жатабыз. Айыл чарбасын каржылоо -10 долбоорун ишке ашыруу уланууда. Анын алкагында бүгүнкү күндө 4 млрд сомго чейин насыя берилди. Айыл-чарбаны кредиттөө жагынан эки мамлекеттик банктын капиталы 3,4 миллиард сомго көбөйтүлгөн» , — деди министр.

Министрдин маалыматы боюнча, 2022-жылы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого бюджеттен 8,5 миллиард сом бөлүнөт, анын 5,8 миллиард сому биринчи жарым жылдыкта бөлүнгөн.