Марал Радиосу

«Вефа» соода борборундагы өрт өчүрүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан «Вефа» соода борборунда чыккан өрт толук өчүрүлдү.

Борбордун 3-кабатында «Хузур» кафесинин 15 чарчы метр желдеткичи жана балдар ойной турган аянтчасы күйгөн. Тилсиз жоо 14:13тө чектөөгө алынып, 14:46да толук өчүрүлгөн.

Соода борбордо чыккан өрттү өчүрүүгө Октябрь райондук Өрткө каршы бөлүмүнүн бир бөлүгү тартылган. Борбордогу адамдар коопсуз жайга эвакуацияланган.