Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чакан гидроэлектростанцияларын долбоорлоо маселеси боюнча венгриялык «A-Hid» компаниясынын аткаруучу директору Ласло Салом менен жолугушту.
«Өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууда шарт түзүүгө мүмкүндүк берген гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз», — деди Акылбек Жапаров.
Жолугушууда Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фонду жана «A-Hid» компаниясы ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Келишимге ылайык, алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени жана чакан энергетика обьектилеринин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу менен чакан ГЭСтерди куруу үчүн ыңгайлуу участокторду тандоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт.
Макулдашуунун алкагында Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен кичи ГЭС тармагындагы долбоорлорду каржылоо маселеси да иликтенмекчи.
«A-Hid» компаниясы энергетикалык объектилерди, көпүрө, автожол, темир жол, коомдук транспорт курулмалары сыяктуу инфраструктуралык объектилерди долбоорлоо менен алектенет.
Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актаган долбоорлорго жеңилдетилген насыяларды берет. Анын уставдык капиталы 16 млн АКШ долларын түзөт.
2022-жылдын 12-майында долбоорду каржылоого арыздарды кабыл алуу башталганы жарыяланган.