Биз менен байланышыңыз

Жаныбеков: 2023-жылдын түшүмү үрөн фондун толук жаңылоого жардам берет

Кыска кабар | 19 Июл 2022 | 375 | 0

Бүгүн, 19-июлда айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков министрликтин алты айда аткарган иштери тууралуу маалымат берди.

Ал быйыл ирригация объекттерин оңдоо жана тазалоо иштерине республикалык бюджеттен «Капиталдык салымдар» беренесинен 1,1 млрд сом каралганын айтты. Каражаттын  724,2 млн сому бөлүнүп берилди.

«Бөлүнгөн каржат толугу менен пайдаланып, 114,5 км чарба аралык каналдарды механикалык тазалоо, 518 гидротехникалык курулмаларды, 101 насостук станцияларды оңдоо, 220 насостук агрегаттарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары, мелиорациялык иштерди өз убагында жүргүзүү максатында ирригациялык атайын техникаларды сатып алууга республикалык бюджеттен 199,4 млн сом каралган. Азыркы учурда бул каражаттарды бөлүп берүү Финансы министрлиги тарабынан каралып жатат«, — дейт министр.

Быйыл эт көп өндүрүлдү

Быйыл Кыргызстанда эт 4,9 миң тоннага көп өндүрүлдү. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, 2022-жылдын январь-февралында 190,2 тонна эт өндүрүлгөн. Ал өткөн жылга караганда 2,6 пайызга көп.

Сүт 800,2 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 14,6 миң тоннага көп алынган. Ал эми ушул эле аралыкта 305,1 млн даана жумуртка алынып, 2021-жылга караганда 12,5 млн даанага көп өндүрүлгөн.

2022-жылдын экинчи жарым жылдыгында аткарыла турган милдеттер

— азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында өлкөдө азык-түлүк товарлары боюнча ай сайын талдоо жүргүзүү, учурдагы кырдаалга мониторингди өз убагында жүргүзүү жана сунуштарды киргизүү.

— социалдык маанилүү азык-түлүк товарлары боюнча камсыз кылуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү.

— күздүк буудайдын үлүшүн жалпы аянттын 30 пайызга чейин көбөйтүү зарылдыгын эске алып, 2023-жылдын түшүмүнө күздүк айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап себүү түзүмүн иштеп чыгуу.

— Түшүм жыйноо кампаниясын уюшкандыкта жана өз убагында жүргүзүүнү камсыздоо.

— Айыл чарба малдарына тоют камдоо чараларын көрүү.

— Асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүү, селекциялык иштерди жандандыруу, малды жасалма жол менен уруктандырууну турукту жүргүзүү.

— Эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо, малдын ылаңына профилактикалык чараларды өткөрүү, жаныбарлардын идентификациясын толук өткөрүүнү камсыздоо.

— Асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу, зыяндуу отоо чөптөргө каршы иштерди жүргүзүү.

— Айыл чарба багытында иштетилбей калган жерлерди айыл чарба айлануусуна киргизүү, ирригациялык объекттерди оңдоо, калыбына келтирүү иштерин өз убагында жүргүзүү.

«2021-жыл айыл чарбасы үчүн оор жылдардан болду десем жаңылышпайм, анткени өткөн жылда жаздын бир айга кеч келиши, жай айларынын аптаптуу болушу, сугат суунун тартыштыгы айыл чарба секторунун өнүгүшүнө өзүнүн өтө терс таасирин тийгизди. Мелиорациялык иштерди өз убагында жүргүзүү максатында ирригациялык атайын техникаларды сатып алууга республикалык бюджеттен 199,4 млн. сом каралган, азыркы учурда бул каражаттарды бөлүп берүү Финансы министрлиги тарабынан каралып жатат» , — деди министр.

Copyright © 2017 Maral FM