Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылынын ортосунда 17-июль күнү саат 15:00 чамасында төрт жаштагы Н.А. аттуу кыз чөгүп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары кызды издеп жатышат.
Ысык-Көл райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 20, Балыкчы шаардык ӨКБдан 5 жалпы 25 куткаруучу тартылды.
Ошондой эле райондук ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 5 киши издөө ишин жүргүзүүдө.