Биз менен байланышыңыз

Көлгө чөгүп кеткен төрт жаштагы кыз изделүүдө

Кыска кабар | 19 Июл 2022 | 1081 | 0

Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылынын ортосунда 17-июль күнү саат 15:00 чамасында төрт жаштагы Н.А. аттуу кыз чөгүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары кызды издеп жатышат.

Ысык-Көл райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 20, Балыкчы шаардык ӨКБдан 5 жалпы 25 куткаруучу тартылды.

Ошондой эле райондук ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 5 киши издөө ишин жүргүзүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM