Ош шаарындагы «Ак-Буура» кафесинде өрт чыкты. Бул тууралуу жеринен күбөлөр кабарлашты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалыматты тастыктады.
Министрликке Оштун Навои көчөсүндө жайгашкан кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, 1 автошаты жана ыкчам топ тартылган. Тилсиз жоо саат 10:16да чектөөгө алынып, учурда өчүрүү иши жүрүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.