Марал Радиосу

Чолпон-Атада Борбор Азия ТИМ башчылары жолугат

20-июлда Чолпон-Ата шаарында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт.

Иш-чарага Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин, Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов жана Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норовдун катышуусу пландалууда.

Жыйындын жүрүшүндө 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусуна даярдык көрүү иштери талкууланат. Ошондой эле саммиттин күн тартибин жана жыйынтыктоочу документтеринин долбоорлорун карашат.