Марал Радиосу

Акылбек Жапаров Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жазылды.

Өкмөт башчылар кыргыз-орус кызматташтыгынын соода-экономикалык тармагынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Евразиялык экономикалык биримдиктеги кызматташуу жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын августунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү кезектеги жыйынын даярдоо тууралуу сөз болду.