Марал Радиосу

Бишкекте 14 жаштагы кыз кабат үйдөн кулап көз жумду

Бишкек шаарында 14 жаштагы кыз кабат үйдөн кулап көз жумду. Бул тууралуу «Тез жардам» кызматы билдирди.

Кырсык 16-июлдан 17-июлга караган түнү, саат 2:44 чамасында болгон.

Кыз Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 13 кабатынан кулаган.

Ал «Тез жардам» кызматы келгенче үзүлүп кеткен.