Марал Радиосу

Ысык-Көл: Түптүн эки залкарынын мааракеси Каркыра жайлоосунда өтөт

22-23-июль күндөрү Каркыра жайлоосунда Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык, Кыргыз эл артисти, залкар актёр Советбек Жумадыловдун 90 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Эки күндүк салтанаттын алкагында байге фонду 1 млн сомду түзгөн төкмө акындардын айтышы болот. Ошондой эле улуттук оюндар өткөрүлүп, ага 6 унаа байге сайылат.

Андан тышкары эки күн тынбай «Манас» айтылып, чоң программадагы концерт, театралдык коюлумдар менен коштолот.

Иш-чарага өлкө башчысы Садыр Жапаров да катышары айтылды.