Марал Радиосу

Президент Акылбек Жапаровдун өкмөтү туура нукта баратат деп эсептейт

«Акылбек Усенбекович башында турган Министрлер кабинети жыл башынан бери экономикада чечкиндүү кадамдарга барып, туура нукта баратат». Мындай пикирин президент Садыр Жапаров 14-июлда өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анда 2022-жылдын биринчи жарымында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө Министрлер кабинетинин отчёту угулууда.

«Биринчи – өлкөнүн ички дүң продукциясындагы өсүштү айткым келет. Экономикада ИДПнын өсүшү маанилүү көрсөткүч. Дүйнө экономикасы ички дүң продукциянын көлөмүнүн өсүшү менен аныкталат. ИДПнын көлөмүнүн көп болушу түздөн-түз экономиканын өсүшүн шарттайт. Азыр мына 6 айдын жыйынтыгы менен жакшы көрсөткүчкө чыктык. Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала берген маалыматы боюнча, өлкөнүн ички дүң продукциясы 6,3 пайыз өсүштү түздү. ИДПнын номиналдык көлөмү 6 айда 335 млрд сом болду, бул пандемияга чейинки 2019-жылга караганда 89,7 млрд сомго көп. Дүйнөлүк пандемиянын, климаттык өзгөрүүнүн, Чыгыш Европадагы кырдаалдын кесепеттерине карабастан, биз ушундай жетишкендиктерге жетип жатабыз.Муну баса белгилеп айтышыбыз керек» , — деди Садыр Жапаров.