Марал Радиосу

УКМКнын төрагасынын орун басары алмашты

Генерал-майор Бекбосун Апсатаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Апсатаров башка ишке өткөнү, анын ордуна полковник Тимур Шабданбеков дайындалганы кабарланды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.