Марал Радиосу

Орусияда маймыл чечегинин алгачкы учуру катталды

Орусиянын бир жараны маймыл чечегин жугузуп алганы аныкталды. Маалыматты «Роспотребнадзордун» басма сөз кызматы билдиргенин «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

Илдет Европадан Орусияга кайтып келген жарандан табылган. Бейтаптын ооруканага жаткырылганы, абалы жеңил экени, бейтаптын өмүрүнө эч кандай коркунуч жоктугу айтылды.

Инфекциянын жайылуусуна бөгөт коюлганы жана өлкөдө маймыл чечегин аныктоо үчүн жетиштүү реагенттер бар экени белгиленди.