Марал Радиосу

Грузиянын президенти Садыр Жапаровду куттуктады

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата куттуктоо кат жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Ушул майрамдык күнү биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо жана тереңдетүү үчүн бир катар маанилүү кадамдарды жасайбыз деген ишенимди билдирем», — деп айтылат куттуктоодо.

Саломе Зурабишвили Садыр Жапаровго мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине тынчтык, ден соолук жана гүлдөп өнүгүү каалады.