Марал Радиосу

Украинадагы согушта дагы бир кыргызстандык каза болду

Дагы бир кыргызстандык Мирлан Тохтахунов Украинадагы согуш жүрүп жаткан жерде каза болгон. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал согуштук тапшырманы аткарып жатып каза болгон. Мирлан Тохтахунов Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн контракт боюнча аскери болгон.

Буга чейин Кыргызстандын алты жараны: Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифуллин, Исламжон Камилов, Сыргакбек Өзүбеков, Аманбек Курбанбаев жана Руслан Полотов Украинадагы согуштук аракеттерде курман болгон.