Марал Радиосу

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэге кол салуу болду

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэге белгисиз бирөө Нара шаарында кол салганы кабарланды. Учурда ал ооруканада.

NHK телеканалынын маалыматы боюнча, Синдзо Абэ өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Нара шаарында сөз сүйлөп жатканда бир адам артынан аткан. Экс-премьер-министр эсин жоготуп, ооруканага жаткырылган. Ок далысына тийгени, учурда абалы оор экени айтылууда.

«Киодо» маалымат агенттиги билдиргендей, кол салууга байланыштуу кризистик штаб түзүлдү.

Полиция кылмышка шектүү 41 жаштагы жаранды кармады.