Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «Дем» креативдүү китепканасынын негиздөөчүсү Ахмет Макаев, JIA бизнес ассоциациясы өткөргөн «Көчмөн бизнес аянтча -2022» форумунда өзгөчө китепкананы ачуудагы кыйынчылыктар тууралуу айтып берди.
Ошондой эле Каракол шаарынын эмне себептен өнүкпөй жатканы, өлкөнүн эң чоң байлыгы бул адамдар экенин, адамдын аң-сезими өзгөрүшү керек деген ойлору менен бөлүштү.
Ахмет Макаев туризм тармагы боюнча ишкер. Ал «Кыргызстан экинчи Швейцариядай болуп өнүгөт» деген сөздү укканда 11 жашта болсо, азыр 41ге чыкты. Арадан 30 жыл өтсө да Кыргызстандын Швейцарияга айланарына ишеними өчө элек.
Ал Швейцариянын Санкт-Мориц шаарын Кыргызстандын Каракол шаары менен салыштырды. Санкт-Мориц деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан. Калкынын саны 5 миңден аз. Бирок ага карабастан бул шаарда эки жолу кышкы олимпиада оюндары өткөрүлгөн, төрт жолу лыжа тебүү боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөн.
Каракол шаары да деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан. Калкынын саны 80 миң адам. Бирок андагы инфраструктура өзгөрбөй, сырткы жарнак тактайлары гана өзгөрүп келет.
Ахмет Макаевдин айтымында, бул эки сүрөттөгү өтө чоң айырма каражатка байланыштуу эмес. Бул айырманы адамдар жасайт, тагыраагы, биздин ой жүгүртүү деңгээлибиз, маданиятыбыздан көз каранды…
Ахмет Макаев:
Коомду өзгөртүүнү кааладык
-Коом, адамдар өзү өзгөрүшү керек. Биздин эң чоң байлыгыбыз — бул адамдар, өзгөчө жаштар. Өлкөдө жаштардын татыктуу билим жана мыкты тарбия алуусуна, өз маданиятын сиңиришине жакшы шарттарды түзүү керек. Биздин долбоордун негизги максаты да ар бир адам жеке потенциалын ачып, өнүгүүсү үчүн аянтча түзүү болуп эсептелет.
Жаштар дегенде дайыма эле адамдын жаш курагын түшүнбөө керек, мисалы биздин китепкананы ачууда 60 жаштагы жарандар турмуштук тажрыйбасы, чеберчилиги менен жардам берди, колунан келген буюмдарын беришти, алар — Каракол шаарынын катардагы эле жашоочулары.
Өзгөчө китепкананы ачуу демилгеси чет өлкөдөн алынган жок, бул кыргызстандыктардын идеясы!
Кичинекей дүкөндө мектеп окуучулары чай ичип отуруп, тарыхта белгилүү болгон бир инсанды талкуулап отурушканын көрдүм. Мага ошол учур, ошол атмосфера жагып, ушундай негизде китепкана ачуу демилгесин досторум менен бөлүштүм. Баарыбыз чогулуп алып, бул демилгени андан ары өнүктүрүүнү талкууладык. Бирок пандемия башталып калгандыктан презентация кыла албай калдык, идеяларыбызды тааныштарыбызга вотсап аркылуу тараттык.
Имаратты Каракол шаарынын ортосунан таптык, бирок ал өтө начар абалда болчу. Долбоорду ишке ашырып бүткөндөн кийин санап көрсөк, ошол имараттан 8 камАЗ таштанды чыгарыптырбыз.
«Дем» долбоорун түзүп жатканда эч кимден көчүрүү, же кеңеш суроо мүмкүн эмес болчу, себеби ал кезде мындай форматтагы долбоорлор жок эле. Командабыз менен 3 «К» компонентин бириктирдик: Каракол-китеп-кофе. Чынында азыр бизде кинозал да бар.
Каражат топтоону өзүбүздөн баштадык
Китепкананы ачуу үчүн акча чогултууну өзүбүздөн баштадык. Канча акча кетерин эсептеп чыгып, кандай болсо да бул сумманы топтошубуз керек дедик. Өзүбүз чыгаргандан тышкары тааныш-билиштерден да акча келе баштады, жыйынтыгында Орусия, АКШ, Түштүк Африкадан да каражат которо башташты.
Ошентип топтолгон акчаны үнөмдүү колдонуу үчүн колубуздан келе турган жумуштарды өзүбүз жасадык, ал эми электрик, сантехниктерге акча төлөп бердик. Күндүз ар кимдин өзүнүн жумушу болгон үчүн кечинде, таңга чейин иштеп жаттык.
Мен долбоордун дизайны жана иштелип чыгуусунун маанилүүлүгүнө токтолгум келип жатат. Дизайнын кесипкөй адистерге жасаттык. Биз кайрылган дизайнер Чолпон атуу айым Балыкчы шаарынан болот. Ал биздин демилгени жактырып, жумуштардын акысын жарымын гана алды. Ошентип, ал бизди колдоп, салым кошкон алгачкы аял болуп калды.
Китепканада бекер тренингдер өткөрүлүп турат
Китепкана 2020-жылы ноябрда ачылды. Биз коомго белгилүү инсандарды чакырып, баарлашуу уюштурууну да каалаганбыз. Мисалы, эң биринчи Эверестти багындырган кыргызстандык Эдуард Кубатов келип, жаштарга мыкты кеңештерин айтып берген.
Биз маданий, чыгармачыл кечелерди дайыма өткөрүп жатабыз, балдар үчүн таңкы майрамдык иш-чараларды, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүн белгиледик, шахматтык турнирлерди өткөрдүк.
Долбоорду ишке ашырып бүткөндөн кийин командабыз менен отуруп, ушундай ийгиликке кантип жетишкенибизге анализ жасадык. Байкасак, эң биринчиден биз ак ниет, чын көңүл менен иштептирбиз. Ишти баштаганда эле бул коомдук долбоор болорун, андан эч ким акча табууну көздөбөйт деп макулдашканбыз. Бул ушул ишти жасап жатып ынтымак, биримдик абдан маанилүү экенин түшүндүк.