Марал Радиосу

«Дордой» базарындагы өрттөн 42 контейнер жана 9 павильон күйдү

Бишкектеги «Дордой» базарындагы өрттөн 42 металлдан жасалган соода түйүнү -контейнер жана 9 павильон күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Павильондордо тез тамактар, шаурма жана суусундук сатылган. Өрттүн жалпы аянты миң чарчы метрди түзөт.

Өрттүн кесепетинен 2 адам түтүнгө ууланып, №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Тилсиз жоонун себеби такталууда.

Кечээ, 5-июлда «Дордой» базарында жайгашкан тамактануучу жайдан өрт чыккан. Ал контейнерде жайгашкан.