Марал Радиосу

Айрым коммерциялык банктарда доллар кымбаттады

Бүгүн, 5-июлда түштөн кийин Кыргызстандагы айрым коммерциялык банктарда АКШ долларынын курсу жогорулады.

Саат 16:30га карата 1 доллар 83 сомдон сатып алынып, 84 сомдон сатылууда. Анын ичинде Капитал банк, Доскредобанк, РСК банк, Азия банкы жана башкаларда 84 сомдон болууда.

Улуттук банк расмий курсун 79,50 менен бекиткен.