Марал Радиосу

Мамлекетке чыккынчылык кылууга айыпталган Марат Токтоучиковго өкүм чыгарылды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мамлекеттик чыккынчылык боюнча козголгон кылмыш ишин карап бүтүп, Казакстан ассоциациясынын Кыргызстандагы мурдагы жетекчиси Марат Токтоучиковго өкүм чыгарды.

Соттун 27-июнундагы өкүмүнө ылайык, Марат Токтоучиков 2017-жылдын 2-февралындагы Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүгүндөгү кылмышты жасоодо күнөлүү деп табылды

Ал жалпы режимдеги түзөтүү абагында жаза өтөө менен 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды.

Марат Токтоучиков мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып 2021-жылы апрель айында кармалган.