Марал Радиосу

Баткенде оорукананын курулушунан акча өөнөп алгандар аныкталды

Баткен облустук Капиталдык курулуш башкармалыгы коррупциялык иштерге барганы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 2015-жылы Баткен шаарына 250 орундуу поликлиника салуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилиги тендерден уткан «Юг-Мак» компаниясы менен тымызын сүйлөшүп алып, курулуш иштеринен мыйзамсыз акча жасашкан.

Учурда бул факт боюнча иликтөө, тергөө жүрүп жатканы айтылат маалыматта.