Марал Радиосу

УКМК: Мыйзамсыз диний үгүт жүргүзгөн чет элдиктер кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстандагы чет элдик диний үгүтчүлөрдүн мыйзамсыз иштери токтотулганын кабарлады.

Индия, Пакистан, Бангладештен келип, Кыргызстандын медициналык окуу жайларында билим алып жаткан 10 студент Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтпөй туруп, Бишкек шаарында диний үгүт жүргүзгөнү аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө укук бузуулар жөнүндө протокол толтурулуп, чет элдик студенттер тобу каттоого алынган.

УКМК чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого, окуу жайлардын жетекчилигинен бул жаатта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.