Марал Радиосу

Ысык-Көлдө «Каракол — КМШнын маданий борбору» салтанаты өттү

Ысык-Көл облусунун борборунда «Каракол -КМШнын борбору-2022» эл аралык программасынын ачылышы болду.

Салтанатка өлкө башчысы Садыр Жапаров, Орусия президентинин маданий кызматташтык боюнча өкүлү Михаил Швыдкой, КМШга мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык фондунун аткаруучу директору Анатолий Иксанов катышты.

Иш-чара театралдаштырылган пролог менен башталып, андан соң президент Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Орусия президентинин өкүлү Михаил Швыдкой да сөз сүйлөп, мэр Эрмат Жумаевге Караколго КМШнын маданий борбору макамын ыйгаруу тастыктамасын тапшырды.

Иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн жаштар симфониялык оркестринин жана бир катар ырчы-аткаруучулардын концерттик программасы менен жыйынтыкталды.

Айта кетсек, шаарларга «КМШнын маданий борбору» макамы 2011-жылдан бери берилип келет. 2020-жылы май айында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин онлайн жыйынында 2021-жылы Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына, 2022-жылы Кыргызстандын Каракол шаарына «КМШнын маданий борбору» макамын берүү чечими кабыл алынган.

2021-жылдын 18-декабрында Айни атындагы Тажик мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында «Дүйшөмбү – КМШнын маданий борбору-2021» жылынын жабылыш аземи өтүп, Кыргызстанга эстафета тапшырылган.