Биз менен байланышыңыз

Караколдун ички жолдорундагы оңдоо иштери тууралуу маалымат

Кыска кабар | 1 Июл 2022 | 181 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда Каракол шаарынын ички жолдорунун курулушу менен таанышты. Караколдун Торгоев, Токтогул жана Пржевальск көчөлөрүндө реконструкция иштери соңуна чыгууда.

Торгоев көчөсүнүн асфальтбетон төшөлчү жалпы узундуну 1,200 метр. Көп жылдан бери бул көчөдө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Торгоев көчөсү Каракол шаарынын 18 көчөсү менен кесилишет, анын ичинен экөө негизги көчө.

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду жана Каракол шаарынын жергиликтүү бюджети тарабынан каржыланган долбоордун жалпы сметалык наркы 75 млн сомду түзөт.

Жолду «Жол чарбасы» муниципалдык ишканасы куруп жатат, курулуш иштери 55 млн сомго бүтүп, муну менен үнөмдөө 20 млн сомду түзгөнү айтылды.

Азыркы учурда Торгоев көчөсү Токтогулдан Алдашев көчөсүнө чейин асфальтталды, ошондой эле Алдашев көчөсүнөн Пржевальск көчөсүнө чейин ондоо иштери башталды. Бардык иштерди үстүбүздөгү жылдын 20-июлуна чейин бүтүрүү пландалууда.

Республикалык бюджеттен каржыланган Токтогул көчөсүнүн сметалык долбоорунун наркы 175 млн сомду түзөт. Бүгүнкү күндө реконструкциялоо иштери 90% аяктады, 15-июлга чейин объект өткөрүлөт.

Пржевальск көчөсү акыркы жолу 1950-1970-жылдары оңдолгон. Учурда жолдун астына суу өткөрүүчү түтүктөр 1,8 км орнотулду, шаардын түштүк тарабынан түндүк тарабына өткөзүү түйүнү болуп эсептелинет.

Күчүков көчөсүнөн баштап Кутманалиева көчөсүнө чейин асфальт 2 каттама төшөлдү, түштүк тарабынан 400 м. тротуар жасалды. Бардык курулуш иштери 31-августка чейин аяктайт.

Мындан тышкары шаарда сметалык наркы 100 млн сомду түзө турган 38 км тротуарду куруу 5 км негизги жолдорду оңдоо жана борбордук көчөлөрдү 240 млн сом суммасында реконструкциялоо пландалууда.

Муну менен Каракол шаарында 2022-жылы 15 км ашуун негизги жолдор жана 60 км ашуун тротуарлар оңдолот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM