Биз менен байланышыңыз

56 жаштагы Эралиева элет элине компьютердик сабаттуулукту үйрөтүүдө

Блог | 1 Июл 2022 | 772 | 1

Эки айдан бери муниципалдык кызматкерлер, мугалимдер, жаштар жана активисттер үчүн DigiKonush («Санариптештирүү аркылуу элет элине таза, айкын келечек куруу») долбоорунун алкагында окутуулар өтүп келе жатат.

Санарип көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча DigiKonush долбоору Кыргызстан аймактарындагы, анын ичинде Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарындагы аялдарга жана жаштарга багытталган.

Алыскы райондордун тургундары толук жабдылган заманбап санарип көндүмдөр борборлорунда билим алууда. Алар ОшМу, БатМУ жана ЫГУ университеттеринин базасында ачылган. Эки ай окуган соң бүтүрүүчүлөр ар кандай багытта усулдук модулдарды иштеп чыгышат.

Анын бири Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 56 жаштагы тургуну Нуржамал Эралиева айылына компьютердик курс ачып, жаштарга ушул багытты үйрөтүп жатат. Биз жашына карабай аракет кылып, элет жерине салым кошуп жаткан бул айым менен маектештик.

— Саламатсызбы, Нуржамал эже? Бул долбоорго кандай максатта катышып калдыңыз?

— Долбоор пилоттук негизде иштей баштаптыр. Мени айыл өкмөтүнөн чакырып калышты, дароо макул болдум.

Өзүм 2004-жылы «Кумтөрдө» бухгалтер болуп иштечүмүн. Ал жактан технологиялардын өнүгүшүн көрүп, айылдагы балдарга да үйрөтүү идеясы жаралган. Долбоор жазып, Барскоон айылына компьютерлерди алып келип, иштей баштагам. Билгендеримди кызыккандарга үйрөтө баштагам. Ошол мезгилден бүгүнкү күнгө чейин маалымат борборунда иштеп келе жатам.

Ал ортодон интернет туташтырдык, бардык тепкичтен өтүп, санарип абдан керек болуп жаткан кезде аталган долбоор келип калды. Чет өлкөгө кеткен ата-энелер менен балдарын скайп аркылуу сүйлөштүрүп берчүбүз. Сагынган балдар ата-энелерин көрүп, аябай жыргап калышчу. Ушул нерсе мага дем берди.

Мугалимдерге, медайымдарга компьютер колдонгонду үйрөтүп жүрдүм. Билбеген нерселерди китептен окуп, интернет карап үйрөнүп, анан кайра башкаларды окутчумун. Бул жаатта кызыгуум пайда болуп, жолдошум экөөбүз бардык компьютердик кызматтарды аткарып калдык. Жолдошум мурун трактор айдап иштейт эле, азыр ал программаларды үйрөнүп, компьютер боюнча адис болуп калган.

— Эмне үчүн компьютердик сабаттуулукту тандадыңыз?

— Анткени 2004-жылдан бери жумушум компьютерге байланды. Digikonush — 43-долбоорум. Буга чейинкилери деле санарип, компьютер, IT-программалоого байланыштуу болчу.

Азыр интернет айдыңында аябай көп мүмкүнчүлүктөр бар. Телефон, компьютер, планшет менен үйдө отуруп алып эле короодогу өрүктү жакшы баада сатса болот. Өзүбүздүн товарды чет өлкөлөргө кымбат сатуу мүмкүнчүлүгү бар. Ушунун баарын жакшы өздөштүрүү үчүн алгач компьютердик сабаттуулук керек.

— Окутуу учурунда кыйнчылыктар жаралдыбы?

— Мен үчүн эң оору онлайнга чыгуу болду. Мисалы офлайн иштеп жатканда ар бирине барып, компьютер менен көрсөтүп окутуп жүрчүмүн да, ал эми онлайнга өткөндө анимация, графика, слайд-шоу колдонуп окутууга туура келди. Өзүм сүйлөп видеосабактарды даярдап жүрдүм. Сүйлөй албаган учурлар көп болду. Күнү-түнү, 4-5 күн бою тартып жүргөн күндөр өттү. Онлайнга өтүү жараяны кыйынчылык жаратты, бирок аны да үйрөнүп, өздөштүрүп алдым.

— 56 жашта экенсиз. Бул куракта көбү небере күтүп, үйдө отуруп калышат эмеспи. «Жаштар иштесин, биз карып калдык» деп көп айтышат. Сиз буга макулсузбу? Негизи кандайдыр бир окутуудан өтүп, же бир кесиптин ээси болуу үчүн жаш курак таасир этеби?

— Жок, таасир этпейт экен. Бир гана нюанс бар: эгер компьютердик базаны билбесең, кыйын болот экен. Жолдошум экөөбүз маалымат борбор ачканда компьютерлер болуп, мага жеңилдик жаралды.

Ийгилигиме жолдошум түрткү берди. Үйдө интернет жок болсо, унаа менен борборго жеткирип, кайра түнкү саат 2-3төрдө алып кетчү. «Сага жагып жатса оку, башкаларды, жаштарды үйрөт», — деп мага дем берип турду. Ортодон таштап салайын деп, агайларым шык-дем берип, оюмдан баш тарттырды. Алар тамашалап, мага «Терминатор апа» деген ат коюп коюшуптур.

Мен тыянак чыгардым: окуу эч качан кеч эмес, ал эми жаш курак эч качан тоскоолдук жаратпайт.

— Үй-бүлөңүз, жакындарыңыз окуп жатканыңызды, курс ачып башкаларды окутуп жатканыңызды кандай кабыл алышты?

— Мен мурунтан бери инновациялык билим берүү тармагында иштеп, кызыгып келе жаткандыктан, алар: «Сен кыла аласың, компьютер менен иштегенди билесиң да», — деп колдоп турушат. Үй-бүлөм түшүнүү менен кабыл алды.

Мындан беш жыл мурда маалыматтык борбордун алдында Менталдык өсүү академиясы инновациялык өнүгүү борборун ачкам. Көп өлкөлөргө, Сингапурга чейин бардык. Компьютердик сабатуулукту окуп бүтүргөн балдар менталдык арифметика, тил курстарын ачып жатышат. Мага азыр да ыраазычылыктарын билдиришүүдө. Жаштар ишенип келишет, колумдан келген жардамымды берем. Мисалы, офлайн окуйм десе, бир компьютерди берем да, практика жүзүндө үйрөтөм. Талыкпаган эмгектин үзүрүн көрүп жатам десем жаңылышпайм.

— Сиздин курактагы адамдарга кандай кеңештерди берет элеңиз?

— «Эмитен окуп, билим ала баштагыла» демекмин, себеби кийин кеч болуп калат. Эч качан жаш курагыңарга карабагыла. Сөзсүз компьтердик сабаттуулукту үйрөнүп, база түзүп алып, ар бир ишти санарип аркылуу жүргүзсөңөр болот. Эч качан тартынбагыла, «карып калдым» дебегиле. Кыйынчылыктарга чыдап, үйрөнүп алсаңыздар үзүрүн көрөсүздөр. Санарип менен жашоо жеңилирээк болот. Биздин өлкөбүз да өнүгүүгө карай кадам таштап, «ааламга жол айылдан башталат» демекчи, айылдыктар, элеттиктер санариптешүүгө өтүшүбүз зарыл.

— Алдыдагы пландарыңыз кандай?

Мындан ары мен да бир нече компьютердик программаны үйрөнүп алып, жашпы, карыбы, окуйм дегендин баарына база түзүп берсем деп жатам. Балким алар башка өлкөгө кетип, дүйнөгө таанымал болуп калат. IT боюнча курс ачылат деп жарыяладым. Жакында эле Ысык-Көл облусунун губернатору Алтынбек Сулайманов менен сүйлөшүп, ал менин жаш курагымды көрүп таң калып, бул курстарды жайылтууну суранды.

Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке кайра даярдоо курстарын айыл өкмөтү менен аутсорсинг аркылуу ачып жатабыз. Бул инновациялык өнүгүүнү санарип менен кошо алып кетким келет. Санарипке үйрөтүү боюнча толук кандуу окуу жай ачуу кыялым бар.

— Маегиңизге чоң ырахмат!

1 пикир

1 пикир

  1. Нуржаиал

    06.07.2022 09:49

    Айдина бао бол ишине ийгилик бактылуу бол ыраазымын.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM