Биз менен байланышыңыз

Оштон Ысык-Көлгө аба каттам ачылды

Кыска кабар | 1 Июл 2022 | 154 | 0

Ош шаарынан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынан кабарлашты.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 1-июлда Ош шаарынан биринчи каттамды кабыл алды. Аны менен Оштон 100 жүргүнчү учту, 96 жүргүнчү Ошко барды.

«Тез жет» авиакомпаниясы Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча каттамдарды жумасына 6 жолу (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү) учурууну пландаштырууда.

Авиакаттамдар сентябрга чейин жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM