Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Бишкек башкы архитектуранын» мурдагы жетекчиси кармалды

Кыска кабар | 1 Июл 2022 | 542 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги тарабынан белгиленген нормаларды бузуп, уруксат берүүчү документтерди берүү фактысы аныкталды.

Канат Анарбеков «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси болуп турганда борбордогу көп кабаттуу үйлөрдү жана административдик имараттарды долбоорлоого, курууга мыйзамсыз уруксат бергени кабарланды.

Ал курулуш уюмдары менен сүйлөшүп алып жасаган мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, Бишкекте коопсуздук эрежелерин сактабастан, архитектура жана шаар куруу нормаларын бузуу менен башаламан курулуштар түшкөн.

Ошондой эле, «Бишкек башкы архитектура» мекемесинин кызмат адамдарынын жардамы менен курулуш уюмдары тарабынан жер тилкесин рейдерлик жол менен басып алуу фактылары да бар экени айтылды.

Бул факты боюнча «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси – А.К.К. (Канат Анарбеков)  кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандардын аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM