Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда тамак-ашка жапырт уулануунун экинчи учуру катталды

Кыска кабар | 1 Июл 2022 | 193 | 0

Жалал-Абад шаарында тамакка уулануу боюнча экинчи учур катталды. Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, бул жолу ооруканага 14 адам кайрылды.

Алардын алтоо жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланууда, сегизи үйдөн дарыланууга чыгарылды. Бейтаптардын абалы орто оор деп бааланууда. Маалыматка караганда, алар «Тадж Махал» тез татым жайынан гамбургер жешкен.

Аталган тамактануучу жайга 7,5 миң сом айып пул салынып, ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.

Бир күн мурун, 30-июнда Жалал-Абад шаарындагы «Ага-ини» тез татым жайынан 28 адам тамак-ашка ууланып, ооруканага жаткырылган. Бүгүн ушул жайдан уулангандардын жалпы саны 40ка жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM