Марал Радиосу

Махмудов УОКтун спортчулар комиссиясына төрага болду

Грек-рим күрөшү боюнча балбан балбан Акжол Махмудов Улуттук олимпиада комитетинин спортчулар комиссиясына төрага болуп шайланды.

Комиссия ушул жылдын май айында түзүлүп, курамына 5 спортчу кирген. Бүгүн, 1-июлда алгачкы отурумун өткөрдү.

Жыйында комиссиянын төрагасын жана анын орун басарын шайлоо каралып, төрага Акжол Махмудовго мерген кыз Каныкей Кубанычбекованы орун басар кылып бекитип беришти.

Комиссиянын курамына тоо лыжачы Максим Гордеев, суучул Денис Петрашов жана жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков кирди.

Комиссиянын эки мүчөсү УОКтун жалпы чогулуштарына добуш берүү укугу менен катышат, бирөө аткаруу комитетине кирет.