Марал Радиосу

«Курманжан Датка» тасмасы япондорго көрсөтүлдү

Бүгүн, 30-июнда Токионун Хамура шаарында Кыргызстандын «Курманжан Датка» тарыхый-көркөм тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Иш-чараны Кыргызстан-Япония дипломатиялык алакасынын 30 жылдыгынын алкагында «Кыргызстан-Хамура» достук тобу Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин колдоосу менен уюштурган.

Тасманы көрүүгө Хамура мэриясынын өкүлдөрү, Кыргызстанды даңазалаган ырлары менен эки элге таанылган япон ырчысы Мита Ре жана шаар тургундары катышты.

Тасма көрсөтүлгөндөн кийин элчи Мирлан Арстанбаев сөз сүйлөп, дипломатиялык алаканын 30 жылдыгы менен куттуктап, берилген суроолорго жооп берди.