Марал Радиосу

Нарын: Ак-Талаанын жолуна асфальт басылат (видео)

Ак-Талаа районундагы «Баетов-Макмал» унаа жолуна асфальт басылат. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Баетов-Макмал» жолунун Кош-Дөбө айылына чейинки тилкеси ушул жылдын май айында грейдер менен сүрүлгөн, июнь айында дагы 25 чакырымы тегизделген. Быйылкы жылдын эсебинен анын 3 километрине асфальт басуу пландалууда.

Жол салуу иштерин Транспорт жана жол министрлигинин ДЭП-15 ишканасы жүргүзүп жатканы айтылды.