Марал Радиосу

Быйыл абитуриенттер ЖОЖдорго онлайн катталат

Быйыл жогорку окуу жайларга тапшыруу онлайн режимде жүргүзүлөт. Сынакка катышуу үчүн бүтүрүүчүлөр 2020.edu.gov.kg веб-сайтындагы «Абитуриент онлайн» автоматтык-маалыматтык тутуму аркылуу билдирме бериши керек. Бул тууралуу «Маралга» Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто жана кесиптик билим берүү башкармалыгынын адиси Айнура Асан кызы билдирди.

«Аталган сайтта ЖОЖдорго тапшыруу үчүн онлайн каттоо боюнча бардык маалымат камтылып, бардык видеокөрсөтмө жүктөлгөн. Абитуриенттер, билим берүү уюмдарынын директорлорунун да жеке кабинетке кирүүсү үчүн логин жана паролдор алынган. Азыркы тапта абитуриенттер активдүү түрдө каттоону башташы керек. Быйыл да онлайн кабыл алуу болот. Тутумда өлкөдөгү бардык мамлекеттик жана жеке менчик окуу жай бар».

Аталган электрондук тутум 2020-жылы ишке киргендиктен, аталышын өзгөртпөө чечими кабыл алынган. Буга байланыштуу мындай кийин деле ЖОЖдорго тапшыруу аталган тутум аркылуу болот.