Марал Радиосу

Президент: Августтан тарта бардык мамкызматкердин айлыгы көтөрүлөт

Бардык тармактагы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын августтан тарта көтөрүү пландарыбыз бар.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров парламенттин бүгүн, 30-июндагы жыйынында айтты.

Ал Жогорку Кеңеш менен биргеликте «Кумтөр» маселеси жолго коюлуп, бюджетке кошумча киреше түшүүсү камсыздалганын билдирди.

Анын негизинде мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият тармагындагы кызматкерлердин айлык акысы эселеп көтөрүлдү. Эми калган тармактагы бардык мамлекеттик кызматкердин айлык акысын көтөрүү боюнча да конкреттүү пландар бар экенине ишендирди.