Марал Радиосу

Ош мэриясы Коргоо министрлигинин жерин менчикке берип ийгени аныкталды

Ош шаардык мэриясы Коргоо министрлигинин жерин мыйзамсыз жеке менчикке берип ийгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамсыз менчикке чыккан «коргоо жери» категориясындагы тилкенин учурдагы баасы 1 миллиондон ашуун сомду түзөт. Бул боюнча Аскер прокуратурасы Ош мэриясына жана шаардык турак жай пайдалануу башкармалыгына иш козгоду.

Учурда жооптуу адамдар Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматынан кыянат пайдалануу) менен сурак берип жатышат.