Марал Радиосу

Кочкордо мыйзамсыз берилген 22,5 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Нарын облусунун Кочкор районундагы мыйзамсыз берилген 22,5 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Райондук прокуратура жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Ак-Кыя айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзгөн. Анда 1997-жылдагы чечим менен О.С. аттуу жаранга 22,5 гектар жер 20 жылга мыйзамсыз берилип кеткени аныкталган.

Бул боюнча прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, анын натыйжасында учурдагы баасы 10 млн 12 миң 500 сомдук жер айыл өкмөттүн балансына алынды.